– Жамал эже, ден соолугуңуз жакшыбы, күүлүү-күчтүү турасызбы?
– Жакшымын, балам (күлүп). Ден соолугумду көп сурашат, 80 жашка келип калдым, карыган киши ооруп калышы мүмкүн деп ойлошот. Кудайга шүгүр, күн сайын ишке келем. Иштерим аябай көп. Жакында Токтогулга гастролго кетебиз, ошого даярданып жатам.
– Энергияңыз жаштарды артка таштачудай, мынча энергияны кайдан аласыз?
– Мен майрамдарда эки күн иштебей калсам өзүмдү коёрго жер таппай калам. Даттанып, ыйлактаган кишилерди жактырбайм. Жашоодо кыйын күндөр да, ийгиликтериң да болот. Ийгилик келсе дардаңдап кетсең эле өлдүң! Башыңа иш түшкөндө да сынбаш керек экен. Акылдуу болуп кетпедим го, бул нерсени мага турмуш үйрөттү. Мени күчтүү кылган ролдорум болду. Курманжан датка, Уркуя, Найман эне, Каныкей. Классикалык ролдорду да көп ойнодум. Аларды аткарып жатканда алар тууралуу көп окуйсуң, сиңирип аласың.
– Кичинеңизде эркек баланын кийимин кийип чоңойгон экенсиз, кызга өтүү процесси кандай болгон?
– Атам көп жыл бала көрбөй жүрүп мени көрүп «бала деген ушул экен» деп баса калган окшойт. 5-6-класска чейин эркекче сөгүнүп, кийимин кийип жүрдүм. Баары бир табиятыңа кетет экенсиң. Кыздын көйнөгүн кийип, кайра уялып кетчүмүн. Атам капа болуп калбасын деп аны көргөндө шым кие калчумун. «Сен эркектей кийинтсең эле кызың эркек болуп калмак беле?» деп апам атамды урушуп калчу.
– Сиз Кыргыз драма театрынан кетип, өзүнчө театр ачып революция жасаптырсыз. Көптөрдүн эрки жетмек эмес, менимче...
– Ленинград шаарына барып калдым. Мыкты театрларды кыдырдык. Ошол жактан бир театрдын ойногонун көрдүм. Спектаклди башка форматта коёт экен. Эч кандай жасалмалуулук жок, чыныгы турмушту чагылдыруу үчүн тамак жасап сахнадан тамактын даамын элге таратышат. Бизге ошол нерсе жетишпейт эле. Аны көргөндөн кийин эле драма театрдан кетким келип туруп алдым. Мен ал кезде болгон наамдын баарын алып, ролдун баарын ойноп, киного тартылып калгам. «Көпкөнүнөн кетип жатат» дешти. ЦКнын секретары чакырып алып «Жамал, талаада каласың, токтот» деди. Мен токтоно албайм, калсам эле думугуп өлүп калчудаймын. Өзүм кеткеним аз келгенсип, тегерегиме мыкты актёрлордун баарын «баскыла кетебиз» деп ээликтирип алгам да (күлүп). Асылбек Өзүбеков, Замирбек Сооронбаев, Жаркын Балыкбаева, Эгемберди Бекболиев, дагы далайлар болуп бөлүнүп кеттик. Өзүбүзчө кетсек өлбөсүбүздү эмнеден билдим? Анткени биз түндө гастролго чыгып кетип, планды 100 эмес, 200 пайыз толтуруп, укмуш акча таап келип Кыргыз драмга төгүп берчүбүз. Андан улам бизге премия чыкчу. Оңой болгон жок, албетте. Атын биринчи жеке театр болгон үчүн «Туңгуч» деп коюп, аны бир бөтөлкө коньяк менен куттуктап салдык.
– Театрдын негизги курамын алып кетиптирсиз, аларды кантип ынандырдыңыз?
– 1985-жылы болду да бул окуя. Ал жылдары биз «под диктовку» оюн койчубуз. Эч качан каалаганыбыздай ойнотушчу эмес. Жалаң буюртма. Төштөрүбүзгө ордендерди тагып алып Сталинди, Брежневди ойночубуз. Политбюро келип эшиктерди бекитип коюп көрүшчү. Жасалмалуулуктан жүрөгүм айланчу. "Чыгармачылык мындай болбойт" деп туруп алдым. Мен турмуштун өзүн бергим келчү. Мендей ойлонгондор да бар экен да, балдарды ынандырдым. Өжөр экенмин, балдарды да талаага таштаган жокмун. Ийгиликтүү иштеп кеттик. «Туңгуч» тез эле аты чыгып дүркүрөп кетти. Жердин баарын кыдырдык. Демөөрчү деген нерсени да мен биринчи ойлоп тапкам ал жылдары.
– Жакында "Улуттук кино тармагына кошкон салымы үчүн" деп "Ак илбирстин" атайын сыйлыгын алганы турасыз? Көп наам алыптырсыз, эң толкунданган учуруңуз?
– Наам алганымды бир жолу телевизордон уктум, ишенсең. Бир күнү карап турсам экрандан «Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова 3-даражадагы Манас ордени менен сыйланат» деп жатат. Чын экен, көрсө. Аскар Акаевдин тушунда болчу.
Толкунданткан наам Лондондо болду. Эл аралык театр фестивалына Лондонго Султан Раевдин «Илегилеги» менен барганбыз. Ошондо мага, Султан Раевге алтын статуэтка беришти. Которуп беришсе «Дүйнөлүк театрга чоң салым кошкону үчүн сыйланат» деп жазылыптыр. Ишенбей кайра окуттум. Кыргыз болуп туруп дүйнө театрына салым кошуу... Нес болдум, толкундандым, кубандым. Жашоомдогу эң чоң сыйлык ушу болду.
– Балдарыңыздан сизге окшошу барбы?
– Келиним, актриса Асел Чоткараева мага окшош. Мүнөзүн, өжөрлүгүн, чыгармачылык дегенде баарын унутканын окшоштуруп коём.
– Айтмакчы, келиниңиз бизге берген интервьюсунда көп убакыт сизди кабыл албады деген эле...
– Адегенде каршы болдум. Анткени эки бала менен биринчи никесинен ажырашканын туура көргөн эмесмин. Экинчи жактан жашап кетишерине көзүм жетпей турду. Убакыт баарын далилдейт экен. Азыр ортолорунда эки бала бар. Эң сүйүктүү неберем – эки жаштагы Сезим. «Эно-уу» деп турат. Жөн эле өлүп калам ушул небереме. Уулум оператор, келиним режиссёр. Ынтымактуу, жакшы жашап жатышат, көз тийбесин. Кызым Ажардын кесиби юрист, эки кызы бар. Күйөө балам менен жакында эле Орусиядан Кыргызстанга келишти.
– Өзүңүзгө сын көз караш менен карап көргөнсүзбү?
– Эркин, эрке өстүм. Бир кемчилигим – ургаачынын ишин чоңойгонго чейин билбедим. Камыр жууруп көргөн жокмун, ушуга чейин билбейм. Үй жыйнаганды, тыкандыкты жакшы көрөм. Тамакты деле чала-була жасайм. Мисалы, Сабира Күмүшалиева тыкылдап үй оокатына укмуш мыкты эле. Эми такыр эле жаман кожойке эмесмин дечи, бирок манты түйө албайм, камыр жууруй албайм. Бирок үй-бүлөдө ар дайым материалдык жактан камсыздоодо менин үлүшүм чоң.
– Жамал эже, сиз тарыхта калчу адамсыз. ММКлар же кайсы бир чөйрөдө ошол замандагы атаандаш актрисалар тууралуу көп кеп айтылып келет. Өз оозуңуз менен бул темага чекит коюп айтып кетсеңиз кандай болот?
– Мен бул теманы эмнеге айткым келбейт, билесиңби? Адамдар күнөөсүздөн күнөөлүү тапканды жакшы көрүшөт. Кир нерсеге колуңду булгасаң кир болуп чыгасың. Эмне кереги бар? Жакама асылгандар эркимдин күчтүү экенин билишти, ошон үчүн мени да жолдон алып салгылары келди. Мени жалаа жаап сындыралы дешти. Күйөөм Болот Шалтаев отуруш-кечелерге кошмок тургай, жанынан чыгарчу эмес. Мени ошол адам сактап калды. Экинчи күйөөм андан да катуу чыкты. Өзүмдү билем да, мага командир керек. Бирөөнүн таасирине тез берилип кетем. Бирөө «ээй» деп турса «аа, тескери баспайын, кокуй» деп калам. Алардын катуулугунан зыян көргөн жокмун. Кытай чебиндей ар дайым аркамда турушпаса ким билет, балким, бузулуп кетмекмин. Мындан да көп сөздөр болмок.
– Жашооңузду өзүңүз каалагандай түзө алдыңызбы?
– Ооба. Неберелеримди, балдарымды карап, ишимди карап туруп азыр жашоомду каалагандай түзө алдым деп айта алам.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg